Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Рябушкин: “Вечерний Бишкек” чымындан пил жасап жатат


“Вечерний Бишкек” басылмасы жөнөкөй эле кырдаалды президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовго чейин жеткирип, саясатташтырып жатат. Мындай пикирин Александр Рябушкин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, анын “Рубикон” басмаканасы менен соттошуусунун саясатка эч кандай тиешеси жок.

Ал Фарид Ниязов менен да, Кабай Карабеков менен да байланышы жок экенин кошумчалады.

Буга чейин “Вечерний Бишкектин” жетекчилиги аталган басылманы бийлик рейдерлик жол менен басып алууга аракет кылып жатканын, бул иштин артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов турарын айтып чыккан.

Биринчи май райондук соту 24-сентябрда аталган басылманын “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясын мурунку негиздөөчүлөрдүн бири Александр Рябушкинге кайтаруу тууралуу чечим чыгарган. (UEz)

XS
SM
MD
LG