Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

“Курманжан датка” тасмасы Оскар сыйлыгына көрсөтүлдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” тасманын режиссеру Садык Шер-Нияз билдирди. Режиссер учурда Лос-Анжелеске барып, буга байланыштуу уюштуруу иштерине даярданып жатканын айтты. Ошондой эле Садык Шер-Нияз “Курманжан датка” тасмасы Евразиялык тасмалардын фестивалынын алкагында 11-октябрдан 14-октябрга чейин Нью-Йоркто көрсөтүлө турганын кошумчалады. Аталган кинофестивал Евразиядагы кинонун жетишкендиктерин башка аймактарга көрсөтүү максатын көздөйт.

Режиссер Садык Шер-Нияздын айтымында, ушул тапта “Курманжан датка” тасмасына бир нече өлкө кызыгууда:

- 10-октябрда Москвада, 12-октябрда Алматыда көрсөтөбүз. Дубайдан, Сеулдан, Стамбулдан чакыруулар түшүүдө. Бул иштер убакытты алат экен. Учурда эң негизги максатыбыз – Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөндөн кийин ушул багытта жумуш алып барышыбыз керек.

“Курманжан Датка” кино дүйнөсүндөгү эң абройлуу деп эсептелген Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн төртүнчү кыргызстандык тасма. Буга чейин “Аталар керээзи”, “Теңгри” жана “Свет аке” тасмалары да көрсөтүлүп, бирок жеңишке жеткен эмес. (ZMa)

XS
SM
MD
LG