Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:03

Жол тоскондордун тарапкерлери жөө жүрүшкө даярданууда


Таластагы Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы чыгып, массалык башаламандык уюштурганы үчүн эки айга камакка алынган Чыңгызхан Кожогелдиевди бошотууну талап кылгандар жөө жүрүшкө даярданып жатканын “Азаттыкка” жарандык активист Мавлян Аскарбеков билдирди. Анын айтымында, апрелде жергиликтүү калк менен тартип коргоо органдарынын ортосунда болгон кагылышууда өрттөлгөн милициянын унааларынын чыгымы төлөнүп берилген жана оозеки макулдашуу болгон:

- Милициянын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик балдарды чакырып, “машинанын акчасын төлөп берсеңер, 1-октябрда сот болот, балдарыңарды бошотобуз” деген. Жергиликтүүлөр 250 миң сом чогултуп берген. Бирок убадаларына турбагандыктан азыр жергиликтүү эл жөө жүрүшкө даярданып жатат.

Азырынча буга байланыштуу Талас облустук милициясынан комментарий алуу мүмкүн болбой жатат.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Таластын Боо-Терек айылында жергиликтүү эл менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, милициянын автоунаалары өрттөлгөн. Жергиликтүү эл Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы чыгып, Тараз – Талас – Суусамыр жолун жабышкан. Жол тоскондор менен милициянын ортосунда кагылышуу чыгып, бир нече жергиликтүү тургун жана милиция кызматкери жабыркаган.

Сентябрда Талас шаардык соту эки кишини үй камагына чыгарып, Чыңгызхан Кожогелдиев Шаардык соттун чечими менен эки айга тергөө абагына камалган.

Шыралжынды иштеткен компания кендеги ишин токтоткон. Бирок ведомстволор аралык комиссия Шыралжында жүргүзүлгөн геологиялык иштер экологияга зыян келтирбегенин, андыктан жергиликтүү калктын талабыз негизсиз деген тыянак чыгарган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG