Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Виталий Кличконун Бишкекке сапары кийинки жылга калды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Украинадагы элчиси Улукбек Чыналиев билдирди.

Өткөн айда Киевдин мэри Виталий Кличко 8-октябрда ишкерлердин форумуна катышуу, Кыргызстан менен Украина ортосунда экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө үчүн Бишкекке келери кабарланган. Бирок элчи Чыналиев Виталий Кличконун Кыргызстанга сапары кийинки жылдын биринчи жарымына калганын айтты. Кличко эмне себептен келбей калганы маалымдалган жок.

Бокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, учурдагы украин саясатынын бирден бир белдүү фигурасы Виталий Кличко Киевдин мэри болуп 25-майда шайланган. Кличко Кыргызстандын Чүй облусунун Ак-Суу шаарчасында төрөлгөн. (ZMa/AU)

XS
SM
MD
LG