Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Бензиндин баасы октябрда да кымбатташы мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Нефтетрейдерлер бирикмесинин мурунку башчысы Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, күйүүчү майдын кымбаттап жатканына Орусиядагы кырдаал, рублдин куну түшүп кеткени түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.

- Орусияда санкциянын арты менен бир топ тармактарда абал начарлап кетип, бюджетке акча аз түшүп калды. Орусиянын бюджетинин 70 пайызы күйүүчү майдын эсебинен толот. Ошондуктан Орусия бааларды көтөрүп, ушундай жол менен бюджет таңкыстыгын жаап жатат.

Жумакадыр Акенеев күйүүчү майдын баасы азыркыдан арзандаарына көзү жетпей турганын кошумчалады.

Кечээ Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинде Кыргызстандын 2015-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу сөз болуп, күйүүчү майга болгон баа талкууланган эле. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев күйүүчү майдын кымбаттап жатышы убактылуу көрүнүш экенин, ноябрда баа төмөндөйт деп күтүлүп жатканын айткан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG