Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:42

КТРКнын башчылыгына эч ким талапкерлигин кое элек


Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Илим Карыпбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, башкы директорлукка бүгүнкүгө чейин бир да адам арыз бере элек.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши каналдын башкы директор кызматына 19-сентябрда ачык сынак жарыялаган. Талапкерлердин арызын кабыл алуу 20-октябрда соңуна чыгат.

Ушул жылдын август айынын башында КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев өз арызы менен ордун бошоткон. Анын ордуна ЭлТРдин мурдагы директору Султан Жумагулов каналдын директорунун милдетин убактылуу аткарууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG