Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Пакистанда эмдөөгө каршы кол салуу болду


Пакистандын түндүк-батышында жолдо бомба жарылып, балдарды шал оорусунан эмдеген медициналык кызматкер набыт кетти. Дагы бирөө жараат алды. Жарылуу Ооганстан менен чектеш Али Нагар айылында болду. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек. Пакистанда талиптер эмдөө программасын "Батыштын кутуму" деп айыптап келишет.

6-октябрда Пешеварда оорукананын жанында бомба жарылып, эмдөө кампаниясына катышкан эки киши каза тапкан.

Пакистан балдардын шал оорусу кеңири тараган өлкөлөрдүн бири. Саламаттыкты сактоо министрлиги 200дөн ашуун жаңы учур катталганын, ооругандардын саны өткөн жылдагыга караганда көп экенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG