Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Парламент Бажы биримдиги боюнча 16 мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алды


Бүгүн, Жогорку Кеңеш Бажы биримдигинин шарттарына ылайыкташуу боюнча 16 мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алды. Парламент депутаттары Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши өлкө үчүн минусунан плюсу көп экенин белгилешип, аталган мыйзамдар 1-окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Өкмөт буга чейин Бажы биримдигине кошулуу боюнча 38 мыйзам долбоорун жана 12 укуктук-нормативдик документти иштеп чыккан.

29-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Астана саммитинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасы кабыл алынган. Анда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды жыл аягына чейин Бажы биримдигине кошуу ниетин билдирген.(UEz)

XS
SM
MD
LG