Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Францияда “Казакгейт” жаңжалы тутанууда


Францияда казак жана француз өкмөттөрүнүн эки миллиард евролук келишиминен мыйзамсыз үлүш алынган деген шек боюнча тергөө жүрүп жатат. Франциянын Le Monde басылмасы бүгүн жазып чыкканына караганда, сөз мурдагы президент Николя Саркозинин тушунда түзүлгөн келишим тууралуу болууда. Тергөөчүлөр казак президенти Нурсултан Назарбаевдин 2010-жылдын октябрь айында Париждеги сапары учурунда кабыл алынган, анын ичинде 45 тик учак сатып алуу боюнча келишимдерди изилдеп жатат.

Le Monde гезити жазгандай, мурдагы президент Саркози 2009-жылдын октябрь айында Казакстанга сапар менен баргандан кийин казак олигархтарынын Бельгияда кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетишине кол кабыш кылган. Француз гезитиндеги макалада казакстандык миллиардерлер Патох Шадиевдин, Алижан Ибрагимовдун, Александр Машкевичтин ысымдары аталган. (RK)

XS
SM
MD
LG