Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

БУУ: Украинада ок атышпоо келишимине карабай ондогон адамдын өмүрү кыйылды


Бул тууралуу Бириккен Улуттар уюмунун жаңы жарыяланган баяндамасында айтылат. Анда Украинанын чыгышында ок атышпоо келишимине жетишилгенден кийин дагы 300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылганы белгиленген.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары келишимден кийин атышуулар солгундаганын, бирок толук токтобогонун билдирди. Мындан сырткары баяндамада Донецк, Луганск, Счастье, Горловке аймактарында жайкын тургундар дагы да болсо бомбалоо, аткылоолорго туш болуп жатышканы айтылган.

5-сентябрда козголоңчулар менен куралдуу күчтөр ок атышпоого макулдашкан. Бирок айрым аймактарда атышуулар орун алып келатат. Украинада апрелден берки жаңжалдан 3660 киши каза таап, 9 миңге жакыны жараат алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG