Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:19

Талас: төө буурчактын 27 пайызы кар алдында калды


Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары Байышбек Жуманазаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, облус аймагында бүгүнкүгө чейин төө буурчактын 73 пайызы жыйналган. Калган 27 пайыз төө буурчак бүгүн жааган кар алдында калды.

- Жыйнала элек төө буурчак өрөөндүн жогорку аймактарында болгондуктан быша элек болчу. Эми кар жаап салды. Түнү менен үшүк жүрсө зыянга учурашы мүмкүн. Түшүмдүн кеч жыйналышына быйылкы аба ырайынын жаанчылдыгы себеп,- деди Жуманазаров.

Ал эми “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков дубандагы төө буурчактын 50 пайыздан көбү кар алдында калганын айтууда. Анын маалыматында түшүмдүн кеч жыйналышына аймакктагы күйүүчү майдын тартыштыгы себеп болгон.

Кыргызстан боюнча быйыл 59 миң гектар жерге төө буурчак эгилген болсо, анын 55 миң гектары Талас облусуна айдалган. Бул 2013-жылга караганда 10 миң гектарга көп. Өткөн жылы Талас облусунда 84 миң тоннадай төө буурчак жыйналып, Кыргызстан башка мамлекеттерге 60 миң тоннадан ашык төө буурчак экспорттогон. Төө буурчактын килограммы былтыр жүз сомдон жогору сатылса, быйыл 70 сомдун тегерегинде. (UEz)

XS
SM
MD
LG