Эскерүү салтанаты 8-октябрда Херсон облусунун Чаплинск районундагы Христово кыштагында болду. Ага Кыргызстандын Украинадагы элчиси Улукбек Чыналиев, райондун жана жергиликтүү өкмөттүн өкүлдөрү катышты.
"Алар 1930-жылдары “эл душманы” деп жазыксыз сүргүнгө айдалып, бул жерде өлгөн кыргыздарга тургузулган эстеликке гүл коюп, маркумдарды эскеришти",- деп билдирди “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Киевдеги элчилиги.
Былтыр октябрда элчи Улукбек Чыналиевдин демилеси менен Христоводо 1931-1945-жылдары сүргүндө жүрүп ажал тапкан кыргызстандыктарга эстелик тургузулган. Каражатты элчилик жана кыргыздардын Украинадагы жамааты чогулткан. “Мурдакы мазар эгин талаасына айланып калгандыктан, эстелик талаанын четине тургузулду,”-деди Улукбек Чыналиев.(AU)