Кошмо Штаттар эбола вирусу жайылып кетпеши үчүн жана аны алдын алуу максатында аэропортто, порттордо көзөмөлдү күчөттү. АКШнын Ички коопсуздук департаменти өлкөгө кирген жарандарды текшерип, илдеттин белгилерине дыкат байкоо салууну 8-октябрда тапшырды. Өзгөчө Либерия, Сьерра-Леоне жана Гвинеядан келген жүргүнчүлөрдүн температурасы текшерилип, айрым суроолорго жооп берет.
Буга чейин Техас штатындагы Даллас шаарында эбола вирусун жуктуруп алган алгачкы жаран каза болгону кабарланды. Томас Эрик Дункан Либериядан Техаска кайтып келгенде ооруп калган.
Британия Сьерра-Леонеге медициналык борбор салууга көмөк көрсөтүү үчүн 750 аскер жөнөтөөрүн Би-Би-Си кабарлады. Бул илдеттен каза болгондордун саны 3400дөн ашты. (КЕ)