Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:34

Бүгүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер жыйынтыкталат


Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун кабарлашынча, тендерге катышууга арыз берген компаниялардын арасынан жеңүүчү эртең аныкталат жана ал иш-чара Коомдук биринчи каналдан түз эфирде көрсөтүлөт.

Асановдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө тендердик документтерди 24 компания сатып алган. “Бул долбоор ачык-айкындуулукту, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын сактоодо мыйзамдуулукту камсыздайт”, - деди Асанов.

“Коопсуз шаар” долбоору шаар көчөлөрүнө видеокөзөмөл орнотуу аркылуу коопсуздукту камсыздоону көздөйт. Камералар Ала-Тоо аянтына, сейил бактарга, ири базарларга жана соода жайларына да орнотулат. Ошондой эле Ош шаарына жалпысынан 300дөн ашык видеокөзөмөл камера коюлат.

Кыргыз өкмөтү бир канча жылдан бери “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра албай келет. Болжол менен ага 43 миллионго жакын доллар керек. Долбоорду ишке ашырууга керектелчү каражатты тандалып алынган фирма өз эсебинен чыгарат.

Долбоорду ишке ашыруу боюнча тендердик комиссиянын курамы кыргыз өкмөтүнүн 29-августундагы буйругуна ылайык бекитилген. (ZMa)

XS
SM
MD
LG