Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Йеменде жанкечти чабуулунан 30дан ашуун киши набыт болду


Сана шаарынын борбордук аянтында чогулган шиит демонстранттардын арасында жанкечти бомба жардырып, кеминде 32 киши набыт болду. Тартип коргоо органынын өкүлдөрү, ондогон адамдар жараат алганын кабарлашты. Жардыруу БУУнун сунушу менен дайындалган премьер-министри Ахмед Авад бен Мубарак кызматтан кете турганын жар салгандан кийин орун алды.

Шииттердин Хути кыймылы жаңы өкмөт башчыга каршы чыгып, анын бул кызматка дайындалышын «чет өлкөнүн кийлигишүүсү» деп баалашкан. Бул үчүн президент Абд Раббо Мансур Хадинин кызматтан кетишин талап кылып кылышты. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек.

АКШ башында турган башка бир катар өлкөлөр Йемендеги башаламандык “ал-Каида” радикал тобунун күчтөнүүсүнө алып келиши мүмкүн деп кооптонууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG