Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Милиция: ٌКөлдөгү кулчулук фактысы тастыкталган жок


Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Курбу айылында токмоктук аял эки жаш баласы менен беш жылдан бери кулчулукта жүргөн деген маалыматты милиция тастыктаган жок. Бул тууралуу Ысык-Көл милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында аталган айылдын жашоочусу Шайыр Раимбекова кол алдында жалданып иштегендерге жакшы эле мамиле кылган.

- Раимбекова аларды бир жылдан бери үйүндө багып, иштетип жүргөн. 8 жаштагы кызын мектепте окутуп жатыптыр. Кийимдери, бүтүн, курсактары ток. Эгер кул катары кармаса мындай мамиле кылбайт эле, - деди Усубакунов.

Кечээ “Балдардын укугун коргоо лигасы” Татьяна Савельева жана Анатолий Данилов аттуу токмоктук үй-бүлө 6 жана 8 жаштагы балдары менен беш жыл бою кулчулукта жүргөнүн айтып, чара көрбөй жатат деп облустук милицияны айыптаган.

Учурда бул факт боюнча Ак-Суу райондук милициясы териштирүү иштерин жүргүзүп жатат жана бул факт боюнча азырынча кылмыш ишин козгоого негиз жок. (UEz)

XS
SM
MD
LG