Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Ыргал Кадыралиеванын агасы өзгөндүк ишкерди сотко берет


Парламент депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы, Ош шаардык прокуратурасында иштеген Канжар Кадыралиев өзгөндүк ишкер Аширали Келдибаевди жалган жала жапканы үчүн сотко берерин айтты:

- Алар айткан нерселердин баары жалган. Менин үстүмөн болгон кара пиар. Бул, болгону бир-эки кишинин кызыкчылыгы үчүн болуп жаткан иштер. Мен өзүм прокуратура кызматкери болуп туруп кантип ошол жолго барам? Мен аларды мындай жалаасы үчүн сотко берем, - деди ал.

Бүгүн Өзгөндөгү ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү парламент депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар башында турган топтун карактоосуна кабылганын айтып чыккан. Алардын айтымында, депутаттын агасы жеке ишкердин бизнесин тартып алуу үчүн курал менен опузалаган.

Канжар Кадыралиевди тоноочулукка айыптап жаткан Аширали Келдибаев Өзгөндүн Сары-Ташындагы мармар кенин биринчилерден болуп өндүрө баштаган ишкерлердин бири. (YI)

XS
SM
MD
LG