Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:27

ТИМ кыргыз балчылары Бакуда сабалды деген маалыматты төгүндөдү


Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын башкалаасы Бакуда өтүп жаткан бал жармаңкесинде кыргыз балчылары сабалды деген маалыматты төгүндөдү. Мекеменин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков:

- Биздин Бакудагы убактылуу өкүл окуянын чоо-жайын териштиргенде буга чейин айтылган маалыматтар жалган болуп чыкты. Бакуда кыргыз жарандары сабалган эмес. Ортомчулар чатакташканы чын, бирок ал жерде биздин жарандар болгон эмес, - деди.

Кечээ Азербайжандын жергиликтүү маалымат каражаттары Кыргызстандан бал жармаңкесине барган соодагерлерди сабап салганын жазып чыгышкан. Анда кардарлардын Кыргызстандын балы арзан жана сапаттуу деп ага артыкчылык берип жатканы жергиликтүү ишкерлердин нааразылыгына себеп болгону айтылган.

Бакуда ар жылы октябрь айында өтчү жармаңкеге Ысык-Көл, Ат-Башы жана Токтогулдан барган балчылар биринчи жолу катышууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG