Сириядагы активисттер «Ислам мамлекети» радикал тобу Түркия менен чектеш Кобани шаарынын ичине тереңдеп киргенин белгилешүүдө. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган мониторинг тобунун белгилешинче, согушкерлер Кобани шаарынын кеминде 40 пайызын ээлешти жана жергиликтүү күрт администрациясын өз көзөмөлүнө алышты.
БУУнун Сирия боюнча өкүлү Стеффан де Мистура Кобинини коргойм деген ыктыярчылардын бул аймакка киришине уруксат берүүсүн Түркиядан өтүндү. Ал шаардын борборунда жүздөгөн үйүнөн кача албаган кары-картаңдар жана жай тургундар бар экенин кошумчалады. (КЕ)