Дарыгерлер 58 жаштагы британиялык жаран эбола илдетинен улам өлдү деп божомолдоп жатышат. Бирок Македониянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Йованка Костовская маркумдун оорусуна байланыштуу толук анализдер 11-октябрда чыгарын, ага чейин кесе айтпай турууну өтүндү. Каза болгон жаран жашап жаткан мейманканага карантин жарыяланды. Аны менен байланышкан адамдар изделип, дарыгерлер текшерүүдө. Ал Британиядан Скопьеге 2-октябрда келген. 9-октябрь күнү абалы начарлап, ооруканага жаткандан көп өтпөй каза болгон.
Министрлик мейманканадагы башка жарандардын чыгып кетүүсүнө да уруксат бербей жатат. (КЕ)