Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

Жалал-Абад: врачтар телефондун жарыгында жүрөккө операция жасашты


Жалал-Абаддык хирургдар телефондун жарыгы менен жүрөккө операция жасашты. Бул тууралуу Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр илим изилдөө борборунун директору Калдарбек Абдыраманов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, 23 жаштагы кыздын жүрөгүнө операция жасап жаткан учурда жарык өчүп калган.

- Бул өтө оор операция болчу. Жүрөгүнүн 3 капкакчасын алмаштырып жатканбыз. Операцияны токтотсок, бейтаптын жүрөгү токтоп калмак. Айла жок чырак менен уланттык. Свет жарым сааттан кийин гана күйдү. Операция болгон кыз губернатордун тууганы экен, башка адам болсо свет күйбөй деле калмак, - деди Абдыраманов.

Аталган борбордо генератор же электр кубатын автономиялуу түрдө берчү эч кандай жабдык жок. Операция учурунда жарык өчүп калышы мурда да катталган. Электриктер болсо жарык авариядан улам өчкөнүн айтууда.(UEz)

XS
SM
MD
LG