Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Кыргыздын улуттук бийи эртең тандалат


Кыргыз улуттук бий сынагынын жыйынтыгы эртең чыгарылат. Бул тууралуу бий сынагын уюштуруп жаткан “Улут жүзү” коомдук фондунан кабарлашты. Сынакка жалпысынан 70 чыгармачыл топтон жана жеке аткаруучулардан ар кандай бийлер келип түшкөн. Калыстар тобу тандап алган кырк эмгектин ичинен эң мыктыларын кийинки айлампага өткөргөн. Сынактын башкы максаты - кыргыздын улуттук бийин жандантып, элге жайылтуу болуп саналат.

12-октябрда Тарых музейинде өтчү гала-концертте жеңүүчүлөргө миллион сомдук байгелер тапшырылат. Сынактын жыйынтыгы СМС жана интернет аркылуу добуш берүү менен аныкталат.(UEz)

XS
SM
MD
LG