Ушул аптада Жогорку Кеңештин депутаттары “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жөнүндө” токтом долбоорун карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Каныбек Осмоналиев билдирди.
Мугалимдердин айлык акысы тууралуу долбоордо маянаны 30 пайызга көтөрүү каралган. Долбоордун демилгечилери бул үчүн бюджеттен 2,5 млрд. сом бөлүүнү талап кылышууда. (ZMa)