Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Карактоого шектелген Кадыралиевдин ишин биргелешкен топ иликтейт


Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы, прокуроратура кызматкери Канжар Кыдыралиевдин үстүнөн түшкөн арызды Башкы прокуратура жана ИИМдин кызматкерлеринен түзүлгөн тергөө тобу иликтейт. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан бүгүн кабарлашты. Маалыматка ылайык, өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү Канжар Кадыралиев башында турган топтун карактоосуна кабылганы боюнча арызынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында, чындыгында эле 31-августта Келдибаевдердин үй-бүлөсү белгисиз адамдар үйүнө басып кирип, карактаганы боюнча Өзгөн райондук милициясы жана УКМКга кайрылганы дайын болду. Ошондой эле бул иш боюнча Өзгөн райондук милициясы жана Башкы прокуратура тарабынан эки кылмыш иш козголгон.

Эми болсо ИИМ жана Башкы прокуратура атайын тергөө тобу түзүп, иликтөө тапшырылды.

Өткөн аптада Өзгөндөгү ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү Канжар Кадыралиев башында турган топтун карактоосуна кабылганын айтып чыккан. Алардын жүйөсүндө, Ош шаардык прокуратурасында иштеген Кадыралиев башында турган топ ишкердин бизнесин өткөрүп берип, өздөрүнүн өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Бирок Кадыралиев айыптоолорду четке кагып, аны атайлап каралоо аракети деп атаган. Ал Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы. (BkA)

XS
SM
MD
LG