Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Оторбаев Астанага иш сапар менен кетти


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн Казакстанга иш сапар менен кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Астана шаарында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтмөкчү. Анда энергетика, соода, өнөр жай, транспорт, чек ара кызматташтыгы боюнча маселелер талкууланат.

Өткөн аптада Минскте өткөн КМШнын саммитинин алкагында эки өлкө башчылары Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев жолуккан. Анда быйылкы кышта Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алуунун жол-жобосун иштеп чыгуу эки өлкөнүн өкмөттөрүнө тапшырылган. Алдын-ала маалыматтар боюнча, коңшу өлкөдөн 1 миллиард кВт. саат электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Анын баасы 11 тенгенин тегерегинде, же үч сом болушу мүмкүн.(BkA)

XS
SM
MD
LG