Бул тууралуу Кыргызстандын орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Москванын түштүк-батыш ыптасындагы Миклухо-Маклай көчөсүндөгү токойлуу тилкеде жансыз денеси табылган жаран 1968-жылы туулган Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Ал аталган аймакта короо шыпырып иштечү.
- Токойлуу тилкеде денеси табылган эки жарандын бири кыргызстандык экени такталды. Ал Россиядагы Эл достугу университетинде короо шыпырып иштечү экен. Экинчи жаран өзбекстандык экени айтылды. Бул иш боюнча Москванын Обручевский райондук ички иштер бөлүмү тергөө иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала алынган маалыматка караганда, бул ишке бир нече киши катышканы айтылды.
Элчилик ушул тапта каза болгон кыргызстандыктын жакындарын издеп жатат. Орус полициясы 12-октябрдын таңында Москванын түштүк-батыш ыптасындагы Миклухо-Маклай көчөсүндөгү токойлуу тилкеде мыкаачылык менен кескиленип өлтүрүлгөн жана моюнуна бычак жеген эки адамдын адамдын сөөгүн тапкан. Учурда полиция бул оор кылмышка шектүү деп эки эркек жана бир кызга издөө салды. (КЕ)