Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

Кобаниге жакын жерде жанкечти жардыруу уюштурду


Өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган радикал топтун мүчөсү, жанкечти Сириянын Түркия менен чектеш Кобани шаарына жакын жерде машинаны жардырды. Анда эки күрт согушкери жабыр тартканы кабарланды. АКШ башында турган коалициялык күчтөр “Ислам мамлекети” тобунун Кобанинин чыгышындагы жана түштүк-чыгышындагы турумдарына сокку уруусун улантууда. Согушкерлер аталган шаардын 40 пайызын ээлеп, өз көзөмөлүнө алганы айтылган.

Түркия “Ислам мамлекети” уюумуна каршы күрөшүү үчүн аскерлерди окутуу боюнча Вашингтон менен сүйлөшкөнүн билдирүүдө. Сүйлөшүүлөр азыр да уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG