Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Бензиндин кымбаттаганына каршы акция өтөт


Бүгүн Бишкекте жарандык коомдун активисттери Ормон-Хандын эстелигинин жанында күйүүчү майдын кымбаттаганына каршы нааразылык акция өткөрүшөт.

Уюштуруучулардын бири Мавлян Аскарбековдун айтымында, акция тынч мүнөздө өтөт жана өкмөткө экономикалык бир катар талаптар коюлат.

- Өзүбүздөн чыккан мунай заттын баарын Тажикстанга, Ооганстанга сатып жатышат. Ошону токтотууну талап кылабыз. Ошондой эле Бишкек шаарынын көчөлөрүн бойлой жүрүш өткөрөбүз. Такси айдоочуларына, карапайым адамдарга жолугуп, мунайдын баасы эмнеге кымбаттап жатканын айтып, болгон маалыматыбызды жеткиребиз.

Акыркы убактарда дүйнөдө мунайдын баасы арзандап, бир баррели 93 доллардан 90 долларга түшүп кетти. Бирок Кыргызстанда сентябрдын этегинен бери бензиндин баасы 1 сомго кымбаттады.

Эксперттердин баамында, күйүүчү майдын кымбаттап жатканына Орусиядагы кырдаал, рублдин куну түшүп кеткени түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев күйүүчү майдын кымбаттап жатышы убактылуу көрүнүш экенин, ноябрда баа төмөндөйт деп күтүлүп жатканын айткан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG