Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

“Ата Мекен” “Вечерний Бишкектин” айланасындагы абалды талкуулоодо


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы соңку кезде “Вечерний Бишкек” гезитинин тегерегинде түзүлгөн кырдаалды талкуулап жатат. Фракция лидери өмүрбек Текебаевдин айтымында, бул жыйында басылманын айланасындагы абал боюнча тараптардын пикирин угуп, өз позициясын билдирүүнү чечишкен.

Жакында эле “Вечерний Бишкек” гезити басылманы рейдерлик жол менен тартып алганы жатат деп президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовду айыптап чыккан. Редакциянын жүйөсүндө, Ниязов мурдагы кызматкерлерди чогултуп, гезитти өз көзөмөлүнө алууга аракет кылып жатат. Бирок Ниязов бул айыптарды четке кагып, акылга сыйбаган жалаа деп сыпаттаган.

Биринчи май райондук соту 24-сентябрда аталган басылманын “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясын мурунку негиздөөчүлөрдүн бири Александр Рябушкинге кайтаруу тууралуу чечим чыгарган. Гезиттин жамааты Рябушкиндин артында Фарид Ниязов турат деп шектенип жатышат. (BkA)

XS
SM
MD
LG