Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Казакстандан кошумча көлөмдө электр энергиясын сатып алуу макулдашылды


Мындай протоколго Астанада бүгүн жыйынтыкталган кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Азырынча коңшу өлкөдөн алынчу электр энергиясынын көлөмү жана наркы айтыла элек. Буга чейин “Электр станциялар” ишканасы Казакстандан 1 миллиард кВт. саат электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы, анын баасы 11 тенге же үч сомдун тегерегинде болоорун кабарлашкан.

Ошондой эле жыйын жүрүшүндө быйылкы кышкы сезондо Бишкек жылуулук борборуна көмүр ташууга казак өкмөтү көмөк көрсөтүүгө макулдугун берди.(BkA)

XS
SM
MD
LG