Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Германияда БУУнун кызматкери эболадан көз жумду


Германияда БУУнун кызматкери эболадан көз жумду. Маалыматка караганда, 56 жаштагы дарыгер Лейпцигдеги ооруканада дарыланып жаткан жеринен түн ичинде каза болду. Ооруну Либерияда иштеп жүргөн кезинде жугузуп алган кишини Германияга өткөн жумада жеткирип келишкен. “Шпигель” журналы эбола аныкталган дагы бир бейтап Франкфуртта дарыланып жатканын, үчүнчүсү болсо жакында Гамбург ооруканасынан айыгып чыкканын жазды.

Март айынан бери эболадан төрт миңден көп киши дүйнө менен кош айтышты. Өлүмдүн көбү Африканын батышына туура келет.

XS
SM
MD
LG