Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Бишкекте кыргыз-казак акындары айтышат


Бүгүн Бишкектеги Улуттук филармонияда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган IX Эл аралык төкмө акындар айтышы башталат. Айтышка Кыргызстандан тандоо турунан өткөн сегиз акын, Казакстандан сегиз акын катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Айтыш коомдук фондунан кабарлашты.

Кыргызстандан төкмө акындар Аалы Туткучов, Жеңишбек Жумакадыр, Элмирбек Иманалиев, Болот Назаров, Идрис Айтбаев, Азамат Болгонбаев, Кубат Тукешов, Амантай Кутманалиев, ал эми Казакстандан атаандаш катары Бөрүбай Оразымбетов, Серик Калиев, Балгынбек Имашев, Айбек Калиев, Нүрмат Мансуров, Ержеңис Абдиев, Екпин Советхан, Тоба Өтепбаев катышат.

Эки күнгө созула турган Эл аралык акындар айтышы «Айтыш», «АК ФОНД» коомдук фондулары жана "Диалог Евразия" платформасынын колдоосу менен өтүүдө (ZA)

XS
SM
MD
LG