Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Кыргыз-тажик журналисттери жолугушат


Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты.

Маалыматта айтылганга караганда, жолугушууга Бишкектеги ЖМКлардын өкүлдөрү жана Баткендеги жергиликтүү журналисттер катышат. Иш-чарада ЖМК өкүлдөрү Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарын бир күн кыдырып, айылдардагы абал менен таанышат. Андан кийин тажикстандык кесиптештери менен кошуна мамлекеттин Кожент шаарында бир күндүк жолугушуу өтөт.

Жолугушууда чек аралаш аймактагы абалды, жаңжалдуу учурларды чагылдыруу, так, туура маалымат менен камсыздоо маселелери жана мындан аркы кызматташуу талкууга алынат. Жолугушуу ушул айдын соңуна болжолдонууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG