Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Бишкекте “Жаңы муун” кыймылынын беш мүчөсүн милиция кармап кетти


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын мүчөсү Адил Турдукулов кабарлады. Анын айтымында, алар өлкөдө күйүүчү май жана электр энергиясына баанын көтөрүлүшүнө каршы ачкачылык жарыялоо максатында Бишкектеги Горький сейил багында боз үй тигүүнү аракет кылышкан. Бирок акцияга милиция кызматкерлери тоскоолдук кылып, аларды күч колдонуу менен Биринчи май райондук милициясына алып келишти.

Кыймыл мүчөлөрүнүн кармалганын Бишкек шаардык милициясынан тастыкташты. Аталган мекеменин маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун билдиришинче, кыймыл мүчөлөрү Горький сейил багында уруксатсыз акция өткөрүп, боз үй тигүүгө аракет кылган.

Алар мыйзамсыз акция өткөрүп жатканын эскерткен милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн. Сеитов кыймыл мүчөлөрү Биринчи май райондук милициясына алып келинип, түшүнүк берип жатканын кошумчалады. (BkA/MiT)

XS
SM
MD
LG