Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

“Кыргызалтын” Кумтөрдүн акциялары камакка алынганын тастыктады


“Кыргызалтын” ишканасы Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясы камакка алынганын тастыктады.

Бул тууралуу аталган ишкананын вице-президенти Кылычбек Шакиров “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Канададагы Онтарио сотунун бул боюнча токтому бүгүн келип түштү. Анда аталган сот канадалык Stans Energу компаниясынын арызынын негизинде чечим кабыл алган. Буга чейин Москвадагы Соода-өндүрүш палатасынын алдындагы Арбитраж Кеминдеги Куттуу-Сай жана Кале-Сай кендери боюнча Stans Energу компаниясынын арызын канааттандырып, кыргыз өкмөтүн 118 миллион доллар доого жыккан.

Stans Energунин жүйөсүндө, өкмөт аталган кендерде сейрек кездешүүчү металл казуу, геологиялык чалгындоо жүргүзүү укугун мыйзамсыз токтотуп койгон. Муну менен катар кыргыз өкмөтү доону төлөбөгөнү үчүн Канададагы сотко кайрылып, Кыргызстандын “Центерра Голддогу” үлүшүнүн 60 пайызын камакка алууну суранган. Сот муну канааттандырды.

Шакировдун айтымында, “Кыргызалтын” бул сот чечими менен макул эмес. Жакын арада доо арыз менен кайрылууну мерчемдеп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG