Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

Параазиада оюндарына Кыргызстандан төрт спортчу катышат


Кыргызстандык төрт спортчу Параазиада оюндарына катышуу үчүн Түштүк Кореянын Инчхон шаарына жөнөп кетишти. Бул тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинен кабарлашты. Маалыматка караганда, бул оюндарда Кыргызстандын атынан пауэрлифтинг спортунан Эсен Калиев, Жыргалбек Оросбаев, Раджабали Эшонкулов жана Жыргалбек Балбаков мелдештерге катышат. Улуттук кураманы эмгек сиңирген машыктыруучу Аднан Жабраилов жетектейт.

Аталган спортчулар менен 14-октябрь күнү Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жолугуп, ийгиликтерди каалады.

Паразиадалык оюндар Түштүк Кореянын Инчхон шаарында 18-октябрда башталып 24-октябрда аяктайт. Ага 42 өлкөдөн 4500гө жакын спортчу катышып, спорттун 23 түрү боюнча таймашка түшөт.(ECh)

XS
SM
MD
LG