Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:45

Парламент гей-пропагандага каршы мыйзамды 1-окууда жактырды


Бүгүн Жогорку Кеңеш бирдей жыныстагы адамдардын мамилесин жалпыга маалымдоо каражаттарында пропагандалоого тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Ага 79 депутат "макул", жети депутат "каршы" деген добуш берди.

Мыйзам долбоордо гей-клубдарды ачуу, гей-жүрүштөрдү уюштуруу жана бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесин пропагандалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мыйзам демилгечилери бул чаралар коомдогу адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого негиз болот деп билдиришүүдө.

Өткөн аптада бул мыйзамдын кабыл алынышына АКШнын Кыргызстандагы элчилиги камтамачылыгын билдирген. Анда элчилик мыйзам долбоорлор адамдын фундаменталдык укуктарын чектеп, демократиялык баалуулуктарга доо кетирерин эскерткен болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG