Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:48

Баткен: альтернативдүү электр кубаты тууралуу талкуу өттү


Аймакта иш алып барган эл аралык донордук уюмдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин катышуусунда электр энергиясынын альтернативдүү жолдорун изилдөөгө багытталган кеңешме өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө эл аралык донордук уюмдардын өкүлдөрү Баткен облусунда алар тарабынан ишке ашырылган жана бүгүнкү күндө иш жүзүндө жүрүп жаткан долбоорлор, күн нурунан алынган энергияны өнүктүрүү жолдору талкууланды. Учурда Баткен облусунда электр кубаты белгиленген лимиттен ашып кеткенинен улам чектөө киргизилип, облус борбору Баткен шаарында да жарык өчүп жатат.(JsA)

XS
SM
MD
LG