Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

Барактыктар Кара-Сууга көчүп келе баштады


Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кара-Суунун Сары-Колот айыл округунун Беш-Үй участкасынан барактык 88 адамга жер бөлүнүп берилди. Дагы 69 үй-бүлөнүн документтери даярдалып жатат. Учурда Сары-Колотко эки барактык үй салууда. Алардын ар бирине 200 миң сомдон ссуда бөлүнгөн.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, Барактын жашоочуларын көчүрүп чыгууга жана аларды Сары-Колотко отурукташтыруу үчүн Орусиядан келген гранттан 155 млн. сом каралган. Курулуш иштери башталды.

Сары-Колоттон барактыктарга деп жалпы 18 гектар кайрак жер бөлүнгөн.

Барак Кыргызстандын Өзбекстандагы анклавы. Анда 200дөй кожолук жашайт. Учурда ал жакта 27 гана үй-бүлө калган. (ErN).

XS
SM
MD
LG