Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:38

Аламүдүндүн мурунку акими камакка алынды


Чүйдүн Аламүдүн районунун акими камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ал 2008-жылы райондун акими болуп турган учурда өз укуктарынан аша чаап, район аймагындагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө караштуу 42 гектарга жакын жер аянтын трансформациялоо чечимин мыйзамсыз кабыл алган.

Учурда мурунку аким Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кара-Жыгачтагы аталган жер тилкелери боюнча чыр мурда эле чыккан. Аламүдүн районунун тургундары Кара-Жыгач айылындагы 42 гектар жерди Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков мыйзамсыз кестирип алып, жер тилке катары сатып жатканын айтып, аны кайтарып алуу талабы менен бир нече жолу акция өткөргөн болчу.

Ошондой Башкы прокуратура Аламүдүн районундагы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айылындагы жер тилкелери боюнча текшерүү жүрүп жатканын эскертти. (BkA)

XS
SM
MD
LG