Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Техаста эбола вирусун жуктурган экинчи медкызматкер катталды


Техас ооруканасынын кызматкери эбола вирусуна чалдыкканы аныкталды. Бул ушул эле ооруканада аталган илдетке кабылган экинчи адам болууда. Ал оорусу тастыкталары менен атайын жайга жаткырылды. Ал эбола илдетине чалдыгып, кийин каза болгон кишини дарылаган. Саламаттыкты сактоо департаменти эбола жукту деген медкызматкер менен байланышкан башка адамдарды да текшерип, өз көзөмөлүнө алды.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 14-октябрда билдиргенине караганда, 9 миңдей адам эбола вирусун жуктурса, алардын 4,5 миңге жакын адам көз жумду. АКШ президенти Барак Обама эбола кризисин талкуулап, илдетти алдын алууда же каршы күрөшүүдө жетиштүү чаралар көрүлбөй жатат деп айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG