Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Обама Европа лидерлери менен «Ислам мамлекетине» каршы күрөштү талкуулайт


Бүгүн АКШнын президенти Барак Обама жана Европа өлкөлөрү, Британия, Франция, Германия жана Италиянын лидерлери эл аралык проблемаларды, анын ичинде «Ислам мамлекети» радикал тобуна каршы күрөшүү маселесин видеоконференцияда талкуулайт. Буга чейин Обама Сириянын Кобани шаарындагы жагдайга тынчсыздануусун билдирген. Ал экстремисттик топтор менен күрөшүү көп убакытка созуларын эскертип, мында «ийгиликтер да, проблемалар» да болушу ыктымалдыгын айткан.

13-октябрда согушкерлер Ирактын Анбар чөлкөмү менен Сириянын Кобани шаарында бир топ жерлерди ээлеп алууга жетишкен. АКШ башында турган коалициялык күчтөр согушкерлердин Кобанидеги турумуна сокку уруусун күчөттү. Түркия менен чектеш бул аймактагы күрттөрдү коргоо үчүн 13-14-октябрда абадан 21 жолу сокку урулду.

Барак Обама 14-октябрда 20 чакты өлкөнүн, анын ичинде Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираттары өңдүү араб мамлекеттеринин аскерий жетекчилиги менен жолугушуп, “Ислам мамлекети” уюмуна каршы стратегияны талкуулаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG