Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

Отунбаева ИИМде реформа жүрбөй жатканын сындады


Экс-президент Роза Отунбаева Ички иштер министрлигинде реформа жүрбөй жатканын сынга алды. Бул тууралуу экс-президент укук коргоо органдарындагы аялдардын ролу тууралуу эл аралык конференцияда билдирди. Анын айтымында, бул тармакта министрлердин гана алмашканы болбосо, терең өзгөрүүлөр сезилбей жатат. Отунбаева реформаны ишке ашырууда кадрлардын мааниси чоң экенин, анда айымдар өзгөчө ролду ээлерин белгиледи.

Ошондой эле экс-президент мындай эл аралык иш-чарага ички иштер министри Мелис Турганбаев менен вице-премьер Абдырахман Маматалиевдин катышпаганына нааразычылыгын билдирди.
Бүгүн Бишкекте “Аялдар тартип коргоо органдарында” деген аталыштагы эл аралык конференция өтүп жатат. Ага Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн, Кавказдын жана башка бир катар мамлекеттердин тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү катышууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG