Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Жогорку Кеңеште “Кыргызалтындын” акциялары боюнча маселе көтөрүлдү


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева Канада сотунун Кумтөр долбоорундагы Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алуу чечими боюнча өкмөттөн түшүндүрмө талап кылды. Депутаттын айтымында, парламент жакынкы аралыкта Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди кароону баштайт. Эми аталган сот чечими бул сүйлөшүүгө кандай таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн өкмөт түшүндүрүп, ага каршы ыкчам чараларды көрүшү зарыл.

Апта башында Канададагы Онтарио соту Кумтөр долбоорундагы Кыргызстандын 60 пайыз акциясын камакка алган. Ал чечим канадалык Stans energу компаниясынын арызынын негизинде кабыл алынган. Буга чейин Москвадагы Соода-өндүрүш палатасынын алдындагы Арбитраж Кеминдеги Куттуу-Сай жана Кале-Сай кендери боюнча Stans Energу компаниясынын арызын канааттандырып, кыргыз өкмөтүн 118 миллион доллар доого жыккан.(BkA)

XS
SM
MD
LG