Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Орусия элчиси Бишкекте “Путин пабдын” ачылышына каршы


Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде билдирген. Анда элчи борбор калаада орус президентинин ысымы тамактануу жайына коюлушун туура эмес деп атаган.

- Мен мындай аталыштагы жарнакты көрдүм. Бишкектин мэри менен сүйлөшүп, бул жарнактарды алдырууга аракет кылам. Биз аталган жайды жаптырбасак да, аталышын өзгөртөбүз, -деп билдирген Крутько.

Буга чейин Бишкектин көчөлөрүнө “Путин паб” аттуу тамактануу жайы ачылаары тууралуу көрнөктөр илинген. Бирок шаар бийликтери көрнөктөрдө орус президентинин сүрөтү уруксатсыз колдонулган деген жүйө менен аларды алдырып салган.(BkA)

XS
SM
MD
LG