Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

Жогорку Кеңеш Энергетика министрликке Турдубаевдин талапкерлигин карап жатат


Кыргыз өкмөтү Энергетика жана өнөр жай министрлигине Кубанычбек Турдубаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңешке сунуштады. Учурда парламент Турдубаевдин талапкерлигин талкуулап жатат. Биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев талапкер тууралуу депутаттарга маалымат берип, анын ишти алып кетерине ишенерин билдирди.

Учурда Турдубаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

9-октябрда президент кышка карата даярдыкты, электр энергиясын үнөмдөө үчүн жарыкты өчүрүү тууралуу өкмөттүн кадамдарын сынга алып, энергетика тармагы кадрдык өзгөрүүлөргө муктаж экенин белгилеген. Ошол эле күнү энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев өз арызы менен кызматтан кеткен. Андан соң президент Алмазбек Атамбаев министрдин орун басары Кубанычбек Турдубаевдин талапкерлигин министрликке көрсөтүүнү өкмөткө тапшырган.(BkA)

XS
SM
MD
LG