Мындай сунуш менен Энергетика жана өнөр жай министрлигие талапкер Кубанычбек Турдубаев чыкты. Анын айтымында, Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө үчүн кечинде жана түнкүсүн электр энергиясын өчүрүү керек болуп турат:
- Эгерде сууну үнөмдөбөсөк, энерго система кыйрашы мүмкүн. Ошондуктан, биз чектөөлөрдү сунуштайбыз. Биринчи этапта чектөөлөрдү түнү менен киргизүүнү, ал эми экинчи этапта кечки максимумда киргизүүнү сунуштап жатабыз. Бул кадамдар электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Турдубаев кошумчалагандай, учурда кышкы сезон үчүн кошумча 2,3 миллиард кВт.саат электр энергиясы зарыл.(BkA)