Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:08

Карактоого шектелген Кадыралиевдин иши иликтене баштады


Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы, прокуроратура кызматкери Канжар Кадыралиевдин үстүнөн түшкөн арызды Башкы прокуратура жана ИИМдин кызматкерлеринен түзүлгөн тергөө тобу иликтеп жатат. Анын алкагында бүгүн алгачкы жолу арыз берген тарап менен шектүү тарап бетме-бет жолуктурулуп, алардан көрсөтмө алынды.

Өткөн аптада Өзгөндөгү ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү Канжар Кадыралиев башында турган топтун карактоосуна кабылганын айтып чыккан. Алардын жүйөсүндө, Ош шаардык прокуратурасында иштеген Кадыралиев башында турган топ ишкердин бизнесин өткөрүп берип, өздөрүнүн өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Бирок Кадыралиев айыптоолорду четке кагып, аны атайылап каралоо аракети деп атаган. Ал Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы. (BkA)

XS
SM
MD
LG