Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Владимир Путин Белградда өтчү парадга катышат


Орусия президенти Владимир Путин Белграддын нацизмден бошотулганына 70 жыл толгонуна арналган салтанаттуу аскерий парадга катышат. Путин соңку 30 жылда ушул сыяктуу парадга катышкан алгачкы сыйлуу конок болууда. Мындан сырткары орус президенти советтик аскердин эстелигине гүл чамбар койот. Андан соң Евробиримдикке талапкер өлкө Сербиянын президенти Томислав Николич жана өкмөт башчы Александр Вучич менен жолугат. Айрым документтерге кол коюлары айтылууда.

Визиттин алдында Орусия лидери АКШ менен Европа биримдигинин санкцияларын сындап, “сербиялык досторун” мактаган. Путин Сербиядан соң Миланга учуп кетет. Бул жерде украин президенти Петро Порошенко менен газ маселеси сүйлөшүлөт деп күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG