Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Улуттук аскер лицейдин курсанттары ант берет


Бүгүн Д.Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейинде өтө турган салтанаттуу аземде курсанттар Мекенге жана Кыргызстан элине ант берет.

Башкы штабдын маалымат кызматы кабарлагандай, бул күнү аскер лицейинин эшиги бардыгы үчүн ачык болот. Коноктор Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун музейи, окуу шарттары, тарбиялануучулардын жашаган жери менен тааныша алышат.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушкан 77 кыргызстандык баатырдын эң акыркысы, генерал-майор Дайыр Асанов 2009-жылы 88 жаш курагында дүйнө салган. (ZMa)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG